Turmush — Манас шаарынын мэринин коммуналдык чарба боюнча орун басары кызматына Нурказы Маданов дайындалды. Тиешелүү буйрукка Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов кол койду.
Маданов Нурказы Камилович 1993-жылдын 9-мартында Бишкек шаарында туулган.
Билими:
— 2010–2014-жылдары Москва автоунаа жол куруу мамлекеттик техникалык университетинин Автомобиль транспорту факультетинде билим алып, «Транспорттук тейлөө жана технологиялык машиналар жана жабдуулар» адистиги боюнча окуган;
— 2014–2017-жылдары Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юриспруденция факультетин аяктаган;
— 2023-жылдан бери Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Автомобиль жолдору факультетинде «Автомобиль жолдору жана аэродромдор» адистиги боюнча билим алууда.
Эмгек жолу:
— 2017–2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-габариттик контролдоо агенттигинин Транспорттук контролдоо башкармалыгында инспектор, башкы инспектор болуп иштеген;
— 2021-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы болгон;
— 2022-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын башкы инженери болуп эмгектенген;
— 2022–2023-жылдары Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгынын жетектөөчү адиси болгон;
— 2023–2024-жылдары Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын башкы адиси болуп иштеген;
— 2024–2025-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын консультанты болгон;
— 2025-жылдан ушул убакка чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы кызматын аркалап келген.
Манас шаарынын мэринин коммуналдык чарба боюнча орун басары кызматын буга чейин Уларбек Исмаилов ээлеп келген. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматына дайындалгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.