Turmush — Бүгүн, 1-апрелде Чүй облусунун Москва районунда президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев жаңы дайындалган аким Илияз Ташбаевди эмгек жамаатына, мекеме-уюмдардын, социалдык түзүмдөрдүн жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларына тааныштырды.
Ошондой эле ал мурдагы аким Ниязбек Козуевге облустун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн «Кеменгер» төш белгисин тапшырды.
Ниязбек Козуев районду 2021-жылдын 22-майынан 2026-жылдын 30-мартына чейин жетектеген.
Иш-чаранын катышуучулары мурдагы аким Ниязбек Козуевди узатышты.