Turmush — Бүгүн, 1-апрелде Кара-Көл шаарынын мэриясынын аппаратына жаңы дайындалган мэр Эдилбек Тажимырзаев тааныштырылды.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, жаңы жетекчини жамаатка президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уларбек Исмаилов тааныштырды.
Буга чейин аталган кызматта Нуртилек Орозбаев иштеп жаткан. Ал өзү жазган арыздын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
2026-жылдын 26-мартында Кара-Көл шаардык мэриясында Нуртилек Орозбаевди узатышкан. Ага чепкен жабылып, ак калпак кийгизилген.
2024-жылдын 26-августунда Орозбаев Нуртилек Орозбаевич Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалганы белгилүү болгон. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Н.Орозбаевге чейин мэрлик кызматты Таалайбек Конкобаев аркалап жаткан.