Turmush — Бүгүн, 1-апрелде Таласта милициянын ардагери, подполковник Алтынбек Шербахунов 70 жашка толду. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, түзүмдүн башчысы ага ИИМдин «Кадырлуу ардагер» медалын жана ыраазычылык кат тапшырды.
Милициянын ардагери Алтынбек Шербахунов 1956-жылы Талас районунда туулган. Ички иштер органдарында 31 жылдан ашуун кызмат өтөп, 2007-жылдын ноябрь айында ардактуу эс алууга чыккан.