Turmush — Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө ымыркайлардын өлүмүнүн саны 2024-жылга салыштырганда 47%га азайды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук биргелешкен клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Кумар Ботокараев билдирди.
Анын айтымында, ымыркайлардын өлүмүнүн азайганынын себеби ара төрөлгөн балдарга шарттын жакшырганы себеп болгон.
«Баарына белгилүү болгондой, былтыркы 1 жыл ичинде облустук төрөт үйүндө 3 кабаттуу заманбап имарат курулуп, 31-августта пайдаланууга берилген. Жаңы корпуста балдардын көп фукцияналдуу жандандыруу бөлүмү да жайгашкан. Анда заманбап жабдуулар бар. Ал өз кезинде ара төрөлгөн ымыркайлардын өмүрүн сакттоого көмөк көрсөтөт. Алсак, 2024-2025-жыдарды салыштырганда ымыркайлардын өлүмү 47%га азайган», - деди Ботокараев.
Өткөн 2025-жылы Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө 6614 төрөт катталган. Анын ичинен 2 жолу 3 эм төрөлсө, 150 эгиз ымыркай төрөлгөн.
Ал эми быйыл жыл башынан бери 1474 ымыркай жарыкка келди.