Turmush — Манас шаарында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан белгилүү дин аалымы, маркум Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган республикалык Куран жарыштын финалдык түрү өтүүдө.
Аталган башкармалыктын диний билим берүү бөлүмүнүн адиси Алманбет Токтогуловдун айтымында, буга чейин облустарда жана Бишкек, Ош шаарларында баштапкы жарыштар өтүп, жеңгендери финалга жолдомо алышкан. Бүгүн 27 каары мелдешке катышып жатат.
«Абдулло кары төрагалык кылган 4 адамдан турган калыстар тобу иштеп жатат. Муфтиятта 7 адамдан турган дасыккан калыстар тобу иштейт. Ошолор бул Куран жарыштагы калыстарды тандап берет. Калыстар тобундагылардын катышуучулар менен тууганчылык, устатчылык жактары жок. Баары калыс өтөт», - деди ал.
Курандын толук 30 парасын жана 20, 10 парасын тажвид эрежеси менен окуп жатышат. Мындагы сынактын эң кичүүсү 5 жашында Куран окуганды үйрөнгөн 13 жаштагы У.Жумамидинов. Ал Ноокат районунан келген. Куран жарышка катышуучулардын жаш курагы 35 жашка чейин деп белгиленген.
Республикалык Куран жарыштын жалпы байге фонду 5 миллион сомго барат. Анын ичинде 3 унаа жана Умрага жолдомо, белектер коюлган. Бул Куран жарыш сынагы жеке ишкерлердин колдоосу менен өтүп жатат.