Turmush — Кечээ, 31-март күнү Ноокен районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы суу жылыткычы жарылган бала бакчанын имаратынын бир бөлүгүндө демонтаждоо жумуштары жүрүп жатат. Мындай маалыматты Бүргөндү-Достук айыл аймагынын башчысы Болот Календеров билдирди.
Анын айтымында, кыйраган имаратты 1 айда калыбына келтирүү аракети көрүлүп жатат.
«Бүгүн эртең менен район акими келип жарылуудан кийинки имараттын абалы менен таанышып, тез аранын ичинде калыбына келтирүүнү тапшырды. Имарат 1986-жылы курулуп пайдаланууга берилгендиктен жарылуу болгон корпусту дээрдик авариялык абалга алып келген. Учурда имаратты демантаждоо боюнча куруучулар келип, жаңы имараттын сметасын чыгарып берди. Адистер анын баасын 14 млн 400 миң сом деп баалады», - деди ал.
Кызыл-Туу айылындагы «Бакыт» балдар бакчасында суу жылытуучу 80 литрлик бойлер жарылган. Анын кесепетинен имараттын 195 чарчы метр аянты тагырагы 11 бөлмө жарактан чыгып, авариялык абалга келген. Бул мекемеде 130 бала тарбияланып, 21 кызматкер эмгектенет.
Буга чейин 31-мартта Ноокендин Кызыл-Туу айылындагы балдар бакчасында суу жылыткыч жарылганы кабарланган.
«Бүгүн эртең менен айылдагы №25 “Бакыт” балдар бакчасында жарылуу болду. Саат 6лар чамасында кароолчу келип, дарбазанын кулпусун ачып жаткан учурда катуу жарылуу угулган. Натыйжада имараттын ичиндеги дубалдар урап, бронь эшик орнотулган жеринен жулунуп чыгып кеткен. Баары кудум бомба түшкөндөй абалда болуп калды. Кийин текшергенде ашканада турган 100 литрлик суу ысытуучу аристон жарылганы белгилүү болду. Бакчанын кызматкерлери өткөн жылы аристонду тазалатып, оңдотуп иштетип келишкен экен. Бактыга жараша, ошол учурда имаратта ашпозчулар да, балдар да болгон эмес. Учурда тиешелүү кызматтар иш алып барып жатышат», - деген жергиликтүү тургун Надырбек Ташбаев.
Бул мекеме 2016-жылы капиталдык оңдоп-түздөөдөн өткөн.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
- Андан кийин бала бакчанын ашканасындагы 80 литрлик суу жылыткыч жарылганы такталган. Каза болгондор, жаракат алгандар жок. Кырсыктын кесепетинен ашкана, 3 бөлмө кампа, кир жуучу жай, коридор, үтүктөөчү жай, (жалпы 195 метр квадрат) 11 бөлмө авариялык абалга келген.