Turmush — Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарында саркынды сууну топтоо жана кайра иштетүүчү заманбап жай менен таанышуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул долбоор шаар үчүн маанилүү инфраструктуралык жетишкендик болуп, экологиялык коопсуздукту камсыздоого жана калктын саламаттыгын коргоого багытталган.
Иш-чарага эл аралык өнөктөштөр, каржы институттары, Европа биримдигинин өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, объекттин иштөө механизми, техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана келечектеги ролу менен жеринде таанышышты. Адистер тарабынан саркынды сууларды тазалоонун заманбап ыкмалары, алардын айлана-чөйрөгө тийгизген оң таасири жана санитардык талаптарга шайкештиги тууралуу кеңири маалымат берилди.
«Бул жай Өзгөндүн тарыхында алгачкы ирет курулуп, пайдаланууга берилген ири экологиялык долбоор болуп саналат. Анын негизги максаты — саркынды сууларды натыйжалуу тазалоо аркылуу айлана-чөйрөнү булгануудан сактоо, жер астындагы суулардын сапатын жакшыртуу жана шаар тургундары үчүн коопсуз жашоо шартын түзүү.
Мындай долбоорлор шаардын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, эл аралык кызматташтыктын натыйжалуу үлгүсү катары бааланууда», - деп айтылат маалыматта.
Turmush 2025-жылдын 11-ноябрында Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагындагы Кош-Коргон айылынын Бак участкасында курулган саркынды сууну тазалоочу станция расмий түрдө пайдаланууга берилгенин жазган.
Маалым болгондой, жалпы аянты 4,71 гектар аянтка курулган саркынды сууну тазалоочу комплекс толугу менен курулуп, административдик имарат, алдын алуу жана биологиялык тазалоо курулуштары салынып, керектүү жабдыктар орнотулду. Долбоор 2024-жылы башталып, жалпы сметалык наркы 2 млн 502 миң 634 еврону түзөт.
Анын ичинен:
• 1 млн 752 261 евро — гранттык каражат;
• 750 миң 373 евро — кредиттик каражат.
Каржылоо Европа өнүктүрүү банкы тарабынан жүргүзүлгөн.
Жаңы станция биринчи этапта суткасына 2000 метр куб саркынды сууну тазалоого жөндөмдүү болуп, болжол менен 10-13 миң абонентти тейлейт.
Станциянын ишке берилиши менен 7 мектеп, 7 бакча, көп кабаттуу үйлөр, социалдык объектилер системага кошулду.