Turmush — Бүгүн, 1-апрель күнү Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борборунан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, өттү өчүрүүгө саат 08:18де Баткен шаарындагы №26 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Жалын саат 08:37де толук өчүрүлдү.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.