Turmush — Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматы тарабынан көлдүн акваториясында жана жээк аймактарында рейддик иш-чаралар уланууда.
Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, 2026-жылдын 26–28-март күндөрү Жети-Өгүз районуна караштуу Кирпичный айылчасынын көл жээгинен түнкү саат 00:00дөн таңкы убакка чейин мыйзамсыз балык уулап жүргөн жарандар кармалды.
Тактап айтканда, Кызыл-Суу айылынын 1994-жылы туулган тургуну С.Н. 17 даана чабак балыгы жана кайырмакка тагылган 1 даана «парашют» деп аталган кытай синтетикалык тору менен кармалган.
- 1989-жылы туулган А.Р. 8 даана чебак балыгы менен кармалган.
- 1996-жылы туулган Р.И. 8 даана чебак балыгы менен кармалган.
- 1996-жылы туулган Т.Р. 2 даана кытай синтетикалык тору жана 16 даана чебак балыгы менен кармалган.
Аталган фактылар Жети-Өгүз РИИБдин МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.