Turmush — Кайыңды шаарында «Социалисттик эмгектин баатыры» Күлсара Сулайманованын атындагы музей капиталдык оңдоодон өттү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдирди.
Маалыматка караганда, музей Күлсара Сулайманова атындагы мектебинде жайгашкан.
«Жакында музей жергиликтүү бюджеттин эсебинен капиталдык оңдоодон өтүп, Баатыр энебиздин өмүр жолу, ишмердүүлүгү менен жакындан таанышууга, тарых барактарын таанууга толук шарт түзүлдү», - деп айтылат маалыматта.
Күлсара Сулайманова 1930-жылы Панфилов районуна караштуу Каптал- Арык айылында жарык дүйнөгө келген. 2025-жылы 95 жашында акка моюн сунган.