Turmush — Ош облусунун Кара-Суу районунун Тельман айылында поезд менен оор жүк ташуучу унаа кагышты. Бул тууралуу Turmush басылмасына күбөлөр билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, окуя бүгүн, 1-апрель күнү болжол менен саат 11:00дөр чамасында болгон.
«Кырсыктын кесепетинен оор жүк ташуучу унаанын алдыңкы бөлүгү катуу жабыркаган», - деди күбөлөрдүн бири.
Ал эми Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы азырынча кырсык боюнча маалымат бере элек.