Turmush — Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылынын Школьная көчөсүндө мыйзамсыз иштер аныкталып, айып пул салынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтан билдиришти.
Маалыматка караганда, текшерүүнүн жыйынтыгында айрым жер ээлери өздөрүнө тиешелүү болгон жер тилкелеринин белгиленген чегинен чыгып кеткендиги аныкталды. Аталган мыйзам бузуулар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 149-беренесине (бөлүнүп берилген же бекитилген жер участогун өзүм билемдик менен кеңейтүү) ылайык 246 миң сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, мыйзам бузууларды жоюу жана жер тилкелерин белгиленген чек арасына келтирүү үчүн жер ээлерине 15 күндүк мөөнөт берилди.
Кызмат тарабынан жарандарга жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларда көрсөтүлгөн чек араларды так сактоо зарылдыгы эскертилди.