Turmush — Кечээ, 31-мартта Ош облустук сотунун судьялары Ош мамлекеттик университетинин юридикалык окуу жайына барып, аталган окуу жайдын студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов, төраганын орун басары Нурлан Абдразаков, Ош шаардык сотунун судьясы Алтынай Асаналиева, аталган окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышты.
Иш-чарада Эрлан Асанов жаштар арасындагы кылмыштуулук менен үй-бүлөдөгү зомбулуктардын болуп жаткандыгы жана киберкылмыштуулуктун өсүшү бүгүнкү коомдун актуалдуу көйгөйү экендигин көрсөтүү менен анын алдын алуу, профилактикалык иш-чараларды өткөрүп туруу жаш муундардын инсан болуп калыптануусунда зарыл экенин белгиледи. Анын айтымында, жаштардын жаркын келечекте жашашы, ар бир үй-бүлөдө бакубаттык, коопсуздуктун болушу, жаш муундарга туура багыт берүү, коомдук колдоону күчөтүү жана зомбулукка каршы чараларды коомчулукка жеткирүү ар бир инсандын парзы.
Жолугушуунун жүрүшүндө судьялар Нурлан Абдразаков жана Алтынай Асаналиева мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, «Жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу» жана «Үй-бүлөдөгү зомбулук — бүгүнкү күндүн актуалдуу көйгөйү» деген теманын айланасында баяндама менен чыгышып, студенттер үчүн кеңири түшүндүрмө беришти.
Нурлан Абдразаков баяндамасында коомдун келечеги болгон жаштардын туура тарбияланышы, алардын мыйзамды сыйлаган, жоопкерчиликтүү жаран болуп калыптанышы ар бир мамлекет үчүн негизги багыттардын бири болуп эсептелинерин айтты. Анын айтымында, бирок акыркы жылдары жаштар арасында кылмыштуулуктун көбөйүшү коомдогу олуттуу көйгөйлөр бар экендигин көрсөтүп турат. Жаштар арасындагы кылмыштуулуктун пайда болушуна бир катар факторлор себеп боло тургандыгын белгилеп өттү. Үй-бүлөдөгү тарбиянын жетишсиздиги, ата-эненин көзөмөлүнүн аздыгы да чоң роль ойнойт. Ошондой эле социалдык-экономикалык шарттар да таасир этет. Жумушсуздук, жакырчылык жана мүмкүнчүлүктөрдүн чектелгендиги жаштарды мыйзам бузууга түртүшү мүмкүн.
Мындан тышкары, бүгүнкү күндө интернет жана социалдык тармактардын таасири да чоң болуп жаткандыгын, айрым учурларда жаштар зордук-зомбулукка үндөгөн же мыйзамга каршы аракеттерди жайылткан маалыматтарды көрүп, ошолорду туура кабыл алып жаткандыгы айтылды.
Өз кезегинде Ош шаардык сотунун судьясы Алтынай Асаналиева Баш мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, үй-бүлө — коомдун негизи. Үй-бүлө, аталык, энелик, балалык коомдун жана мамлекеттин коргоосунда турарын баса белгилөө менен жаштардын арасындагы кылмыштуулук менен катар өлкөдө эң көйгөйлүү маселелердин арасында үй-бүлөлүк зомбулук турарын айтты. Ал үй-бүлөдө болуп жаткан зомбулуктун келип чыгуу себептерин, коомго тийгизген кесепеттерин көрсөтүү менен алардын алдын алуудагы жүргүзүлүүчү профилактикалык иш-чаралардын зарылдыгына токтолду.
Студенттер судьяларга кызыктырган суроолорун беришип, юридикалык кесипти тандоо, практика өтүү жана келечекте сот тармагында иштөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты.
«Мындай жолугушуулар жаш юристтердин билим деңгээлин жогорулатууга жана сот тутуму тууралуу түшүнүгүн кеңейтүүгө жардам берет. Мындан тышкары, келечектеги юристтерге сот системасынын иши тууралуу маалымат берүү жана алардын кесиптик багыт алуусуна көмөк көрсөтөт», - деп айтылат маалыматта.