Turmush — 30-мартта Ош мамлекеттик университетинин Бизнес паркы Өзбекстандын Анжиян шаарына бизнес-тур уюштурду.
Иш-чара Бизнес парктын стартап-резиденти болгон туроператор менен биргеликте өткөрүлдү. Бизнес-турга жалпысынан элүүгө жакын студент жана окутуучу катышты. Алар университеттин ар түрдүү институттары менен коллеждеринен топтолгон, стартап жана бизнеске кызыккан жаштар.
Иш сапардын алкагында катышуучулар Анжияндагы бир катар объекттерде болушту. Алар DINAR GROUP текстиль заводунун иши менен таанышып, өндүрүш процесси, башкаруу системасы жана экспорттук мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат алышты. Мындан тышкары IT парк Анжиянга барышып, бул тармактагы мүмкүнчүлүктөр жана долбоорлор менен таанышышты. Бул жерде ОшМУнун Бизнес паркы менен кызматташуу багыттары да талкууланды.
Делегация Анжиян мамлекеттик университетине жана Кокон университетине барып, билим берүү жаатында тажрыйба алмашууга да катышты. Ошондой эле Анжиян мамлекеттик тарых музейинде болуп, аймактын тарыхы жана маданияты менен таанышты. Катышуучулар Багы Шамал паркында экскурсия жасап, сапардын соңунда Навруз моллдо эркин форматта баарлашып, эс алышты.
Бизнес парктын өкүлдөрү сапардын негизги максаты жаш ишкерлерди эл аралык тажрыйба менен тааныштыруу максаты болгонун билдирди. Ошондой эле жаңы байланыштарды түзүүгө шарт түзүү жана заманбап ишканалардын ишмердүүлүгүн жеринен көрсөтүү максатталды. Уюштуруучулар мындай бизнес-турлар мындан ары да улантылып, студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүн белгилешти.