Turmush — Ош шаарынын Прядильная көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, эркек киши каза болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын маалыматына караганда, өрт чыккандыгы тууралуу маалымат бүгүн, 1-апрелде саат 00:31де түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 00:32де 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Өрт саат 00:52 де чектөөгө алынып, саат 03:08де толук өчүрүлдү.
Өрттүн кесепетинен 1957-жылы туулган Б.Н. аттуу эркек киши каза болду.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.