Turmush — Ысык-Көл облусундагы билим берүү тармагында эмгектенип келген мугалим Айсулуу Керимбекова «КМШнын мыкты педагогу» наамына ээ болду. Агартуучу менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.
Керимбекова Айсулуу Керимбековна 1988-жылдын 2-январында Каракол шаарында төрөлгөн. Ал К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин физика-техникалык факультетин ийгиликтүү аяктап, физика мугалими адистигине ээ болгон. Бүгүнкү күндө 14 жылдык педагогикалык тажрыйбасы бар мугалим билим берүү тармагында өзүнүн өзгөчө ыкмасы, жаңычыл көз карашы менен айырмаланып келет.
Айсулуу Керимбекова учурда К.Бакашев атындагы Ак-Суу райондук балдар билим борборунда ийрим жетекчиси болуп эмгектенип, жаштардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө салым кошууда. Ошондой эле С.М.Киров атындагы жалпы билим берүү мектебинде мугалим болуп эмгектенет.
«Менин жашоомдо билим берүү — жөн гана кесип эмес, чыныгы бакыт, чыгармачылык жана ар бир окуучунун жашоосуна жагымдуу өзгөрүү алып келүү мүмкүнчүлүгү. Ар бир мугалим балдардын чакан жетишкендиктерин көргөн сайын ушул жолду тандаганы үчүн сыймыктануу сезими менен толуктайт», - дейт ал.
Ал беш баланын камкор энеси. Үй-бүлө менен кесипти тең алып жүрүү Айсулуу айым үчүн жөн гана милдет эмес, чоң жоопкерчилик жана сыймык.
«Ар бир бала уникалдуу, ар бир окуучу өз жолун табууга татыктуу», - дейт ал.
Мугалимдин айтымында, сабактары кызыктуу жана практикага бай болуп, кээде эксперименттер менен коштолот.
«Мугалимдик турмушта кызыктуу учурлар көп. Бир жолу мен эксперименттик лаборатория сабагында окуучуларым менен ракетаны жасаганбыз. Ал чындап эле "учуп" кетип, класстын терезесин так билип чыкты. Бардык окуучулар таң калып, мен болсо бир заматта каталарды түшүндүрүп, сабакты күлкү менен уланттым. Ошондой эле таланттуу окуучуларым менен айрым чыгармачыл долбоорлордо, мисалы, кичи физика лабораторияларын түзүүдө, кызыктуу идеялар келип, мен өзүм деле таң калгам. Мындай учурлар мугалимдик кесипти күн сайын жаңы бир шыктандыруучу сапарга айлантат», - дейт ал.
Анын эмгеги бааланып, «Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси тапшырылган.
«Былтыр, 2025-жылы облустук "Мыкты мугалим" сынагында 1-орунду багындырып, мыкты мугалим деп таанылгам. Анда "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси менен жана Агартуу министрлигинен 1-даражадагы диплом менен сыйлангам. Ошондой эле республикалык "Өнүгүүгө чыгармачылык менен" сынагында 2-орунду жеңип алдым. Бул менин педагогикалык ишимдеги чоң жетишкендик болду», - дейт ал.
Мугалим быйыл сыйлоо аземи Астана шаарында өткөн эл аралык «КМШнын мыкты педагогу» сынагында да ийгилик жаратты.
«Өзгөчө маанилүү учурлардын бири — менин жетекчим Абыкеева Гулнара Кыдырмаевна аркылуу сынакка катышуу мүмкүнчүлүгүн алдым. Мен өз жетишкендиктеримди жөнөттүм, 5-февралда расмий чакыруу келди. Ошентип, 24-мартта өткөн иш-чарага катышып, "Билим берүүдөгү санариптештирүү жана диджитал технологиялары" аттуу эл аралык форумга катыштым, биринчи даражадагы диплом, "КМШнын мыкты педагогу" төш белгиси, кубок жана ыраазычылык каты менен сыйландым. Бул мен үчүн чоң сыймык жана профессионалдык тажрыйбамдын чоң баалоосу болду», - дейт педагог.
Айсулуу Керимбековна — көп кырдуу инсан. Ал чыгармачылык менен алектенип, жаңы идеяларды изилдеп, өзгөчө саякаттоону жакшы көрөт. Ар бир жаңы сапар ага дем берип, алган тажрыйбасын окуучулары менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
«Келечекте мугалимдик чеберчилигимди мындан ары өркүндөтүп, окуучулардын талантын дагы да терең өнүктүрүүнү, жаңы методикалык ыкмаларды колдонуп, билим берүү процессин заманбап жана чыгармачыл кылууну көздөп жатам. Мындан тышкары, эл аралык билим берүү долбоорлорунда тажрыйба алмашуу жана педагогикалык инновацияларды Кыргызстанда ишке ашыруу максаттарын коюп келем», - деди ал.