Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунда окуучулар арасында өтүп жаткан «Мектеп лигасы — 2026» спорттук мелдеш жыйынтыкталып, облустук турга барчу командалар аныкталды.
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жайдарбек Сыдыковдун айтымында, 27-28-29-март күндөрү өспүрүм балдар жана кыздар арасында спорттун волейбол, футбол жана баскетбол түрү боюнча райондук туру өткөрүлдү. Ага райондогу жалпы 18 орто мектептин окуучулары катышты.
Волейбол боюнча кыздар арасында:
- 1-орунду Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы;
- 2-орунду Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин командасы;
- 3-орунду Жаңы-Талап айылынын Байымбет атындагы орто мектебинин мектебинин командасы камсыздады.
Балдар арасында волейбол боюнча:
- 1-орунду Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин командасы;
- 2-орунду Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин командасы;
- 3-орунду Кызыл-Белес айылындагы Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинин командасы;
- 4-орунду Ак-Кыя айылындагы Асаналы Абдраимов атвндагы орто мектебинин мектебинин командасы ээледи.
Футбол боюнча балдар арасында:
- 1-орунду Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы;
- 2-орунду Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин командасы;
- 3-орунду Чолок-Кайың айылынын Бердалы Календеров атындагы орто мектебинин командасы камсыздады.
Баскетбол боюнча:
- 1-орунду Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы;
- 2-орунду Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин командасы ээледи.
Жыйынтыгында волейбол боюнча кыздар арасында 1-орунду багынткан Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы, ал эми балдар арасында 1-орунду ээлеген Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин командасы жана баскетбол боюнча 1-орунду алган Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы облустук турга жолдомо алышты.