Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Замирбек Райымов тажик-ооган чек арасында тынчтыкты орнотууга катышкандардын бири. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде куралдуу кагылыш учурундагы окуяларды эскерип, айтып берди.
Райымов Замирбек Токтосунович 1977-жылы Баетов айылында туулган. 1982-1991-жылдары Жданов (азыркы Эсенгул Карасартов) атындагы орто мектебинде, 1991-1993-жылдары Ак-Талаа райондук Мааданбек Барашов атындагы №40 кесиптик лицейинде тракторист-машинист кесиби боюнча билим алган. 1995-1996-жылдары Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы №73809 Кой-Таш аскер бөлүгүндө аскердик кызматын өтөп жаткан учурда, 1996-жылдын май айында Тажикстандын тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун Ишкашим районуна келишимдин негизинде жөнөтүлгөн.
Жүгөрү кайтарууга барган эмеспиз
Ал кезде Кыргыз Республикасынын өз алдынча мыйзамы болгон эмес да. СССРдин 1992-жылдын 9-декабрь күнү «Жоокер интернационалисттер үчүн белгиленген жеңилдиктерди Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүн тажик-афган чек арасындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик таламдарын коргоо боюнча интернационалдык милдеттерин аткаруу тууралуу» токтом чыгарылып, токтомго ошол кездеги премьер-министр Турсунбек Чыңгышев кол койгон. Биз дал ушул токтомдун негизинде тажик-афган чек арасына Тажикстан өлкөсүнө тынчтыкты орнотуу максатында жиберилгенбиз.
Бирок 2006-жылы Феликс Кулов премьер-министр болуп турганда бул токтомду жокко чыгарып салган. Бизди 5-6 өлкөнүн келишими менен тынчтыкты орнотуп келүүчүлөр деген токтомду киргизип коюшту. Ошол эле Казакстан менен Россия өлкөсү тажик-афган чек арасындагы согушту Ата Мекендик согушка теңеп коюшту. Анткени биздин агаларыбыз Афганистанга согушка кандай миссия менен барышса, биз деле тажик-афган чек арасына дал ошондой миссия менен жиберилгенбиз. Биз Тажикстан менен Афганистандын чек арасына жүгөрү кайтарууга барган эмеспиз. Ал тургай биз Тажикстанга Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан бери эң биринчилерден болуп барган тынчтык орнотуучулар же интернационалисттербиз.
52 казак жоокерин кырып кетишкен
Казакстан тажик-афган чек арасындагы согушка барып келген ардагерлерин мамлекет тарабынан абдан жакшы карап жатат. Анткени ошол согушта согушчандар казактардын постуна кол салып, бир эле түндө 52 жоокерин кырып кетишкен. Келгенден кийин бизди колдонулган буюм сыяктуу эле кабыл алып коюшту. Анткени биз канчалаган депутаттарга көйгөйүбүздү айтсак, алар биздин көйгөйдү чечмек тургай, анын ордуна «барып өлбөй келиптирсиңер» дегендей эле мамиле жасап келишет. Биз Кудайдын буйругу менен тынчыраак жерине түшүп калган экенбиз. Эгер ордубуз алмашып калганда, бизди деле кырып коюшмак. Бир сөз менен айтканда ушул кезге чейин «Согуштун катышуучулары» деген статусту ала албай келебиз.
Курал кучактап жатып, курал менен турчубуз
Ал жерден же тагыраагы Афганистан менен Тажикстандын ортосундагы Пяндж дарыясынан Афганистандагы куралчан экстремисттик топтор аткезчилик жолу менен наркотикалык заттарды алып өтүшчү. Негизи эле «Орто Азияга жана башка жактарга наркотикалык заттарды ошол жерден алып өтүшөт» деген маалымат бар болчу. Ошол жерди биздин батальон көзөмөлдөп турчубуз. Албетте, ал чөлкөмдө тынч болгон эмес. Каза болгон жоокерлерибиз бар. Эки күндүн биринде эле атышуулар болуп турган. Колубуздагы куралды кучактап жатып, курал менен турчубуз. Тажик-афган чек арасындагы 100 чакырым тилкеси Кыргыз Республикасынын өзүнчө аткычтар батальонуна көзөмөлгө алууга бөлүнүп берилген. Эч кандай шарттар түзүлгөн эмес. Тоонун баштарында жер төлөлөрдү өзүбүз казып, күнү-түнү өтө кооптуу жерде болгонбуз.
Пяндж дарыясы жана тынымсыз атышуу
Алгач 1996-жылы жазда 250 жоокер бардык. Кийин бекемдөө үчүн деп дагы 250 жоокер алып барышты. Алар келгенге чейин 10 аскердик пост болсо, дагы кошумча 4 пост кошулду. Ошондо биздин жаныбызда «ЗИЧ» деген пост бар эле. Ошол постко согушчандар тарабынан кол салуу болду. Бери дегенде 2 жарым сааттай убакыт катуу атышуулар болду. Ал постко биз жөө тоо-ташты аралап баргыча эле 2 сааттай убакыт өтмөк. Биз «тревога» көтөрдүк. Ал жакта орустардын отряды болгон. Орустардын согуштук техникалары жана биз бардык. Дагы Кудай чоң сактаптыр. Аябай көп атышуулар болуптур. Бирок биздин балдар ар кайсы таштардын түбүнө бекинип, атышышып жатып аман калышыптыр.
Негизи бизге чейинки посттордо байма-бай кол салуулар болуп, атышуулар болгон. 1996-жылы бир блиндаж (массалык кыргын салуучу куралдардан коргоочу чеп) кулап кетип, бир жоокерди басып калып, ал каза болсо, экөө оор жаракат алып ооруканага жаткырылган.
Мен жаңы барган учурда согушчандардын бир талаа командирин кармап, курал-жарагын алып койдук эле. Анан «Мындан ары бул жерде кызмат өтөөгө болбойт. Мунун артынан дагы согушчандар келет» деп биздин командирди алмаштырып коюшкан. Негизи Пяндж дарыясынын жээгинде курорттук зоналар болуптур. Бизден мурун 1994-жылы барган жоокерлер ал жерлерди согушчандардан бошотушкан экен. Түнкүсүн коркунучтуу эле болгон. Анын үстүнө күз айларында кыймыл, кол салуулар көп болчу. Анткени Пяндж дарыясы жаздан күзгө чейин кирип (суу көтөрүлүп) тургандыктан өтө алышчу эмес. Күзүндө, ноябрь айында суу тартылган учурда өтүп келишип, кол салышып, кыймылга келишчү.
Орто Азияны коркунучтан коргоо
Негизи тажик-афган чек арасындагы согуш 1992-жылы башталган. Ушул жылы эле куралдуу аскерлер киргизилген. Бирок ал жерге куралдуу аскерлерлер киргизилсин деген токтом 1993-жылы чыгарылып жатпайбы. Ошол 1992-жылы 100дөй аскер киргизилип, ошолор дагы «Согуштун катышуучусу» деген статусту ала албай жүрүшөт. Анан «кагазда жок экен» деп, 1993-жылдан тарта 1999-жылга чейинки киргизилген аскерлерди гана каттоого алышкан. Ошондо аябай ызы-чуу болуп турган кезде Ички иштер министрлигинин (милиция кызматкерлерин) балдарын согушка алышкан. Ал эми Улуттук гвардия, «Скорпион» бербей коюшуптур. Кийин «жалпы аскердик курамдан барсын» деп, биздин тагдырыбызга туш болгон да. Албетте, өздүк каалоо менен алышкан. Кадимкидей эле «өлсөм дооматым жок» деп келишимге кол коюп бергенбиз. 1 күнүбүз 3 күнгө эсептелинген акчабызды деле алдык. Биз ошондо 1992-жылдан 1999-жылга чейин бир эле Тажикстан эмес, дээрлик Орто Азияга келе турчу коркунучтан коргоп турган экенбиз. 1998-жылы апрель айында тажик-афган чек арасынан тынчтык орнотуучулар чыгарылып кетти. Ошондон кийин куралдуу согушчандар Баткенге кирип жатпайбы.
Эч ким эмес болуп калдык...
Алгач бизде мамлекет тарабынан бардык төлөмдөр боюнча 50 пайыз жеңилдиктер болгон. Мисалы, электр энергия, курортко баруу, бекер дарылануу сыяктуу жеңилдиктер болгон. Ошону акчалай эквивалентке айлантышканда 15-20 миң сом чыгып кеткен экен. Ал кезде 5 миң сом деле аябай күчтүү акча болчу. Афган ардагерлерин чогултуп, «50 пайыз жеңилдиктерди аласыңарбы же 5 миң сомдон аласыңарбы» дегенде, ал агаларыбыз алданып, ай сайын төлөнүүчү 5 миң сомду тандап алышыптыр. Ал эми биздики таптакыр эле мышык ыйлар абалдабыз.
2006-жылдан кийин «никто» болуп калдык. Барарын бардык, өлчүсү өлдү, жаракат алдык дегендей. Учурда бир айга 1 миң сом пенсия беришет. Мен деле алгач ошол жакка барганда ачкадан өлүп калган 4-5 жаштагы баланы көрүп, «кайдан жүрүп бул жакка келдим эле» деген ой басып калган. Азыркыга чейин ошол бала көз алдыман кетпейт да. Ачарчылык, согуш деген жаман нерсе экендигин түшүнгөм. Ошол кездеги Тоолуу Бадахшан менен Кыргызстандын жашоосун салыштырганда Кыргызстанда туулуп калганыма шүгүр кылгам. Ата Мекендик согушта машак терген, жокчулуктун азабын айтып калышчу эле го. Ошол жашоону Бадахшандан көрдүм. Аялдары машак теришчү. Ал тургай кыздарын «алып кеткиле, Кыргызстанга барып окуп, эптеп жанын багып кетишсе болду» деп бизге сунушташчу.
Унутулган батальон...
Биз Садыр Жапаров президент болгондон кийин ар бир тажик-афган чек арасына барган жигиттер 100-200 сомдон чогултуп, өзүбүздүн «Тажик-афган чек арасында тынчтык орнотуучулар» коомун түзүп, өзүбүздүн желегибизди, кийимибизди уюштуруп алдык. Аны менен бирге эле «Тынчтык орнотуучулар» деген статуска ээ болуп, мамлекет тарабынан ай сайын 1 миң сомдон төлөнүп берилип жатат.
Эми ал жерде кадимкидей эле согуш болгон. «Ала кушту атынан аташ керек» деп коёт го. Бизге «Согуштун катышуучулары» деген статусту берип коюшса болмок. Бул боюнча ошол кездеги Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго беш-алтообуз киргенбиз. Ал киши «Министрлер кабинети ай сайын төлөнүүчү акчаңарды жыл сайын көтөрүп берет, мен ошентип жазып койдум» деп айткан. Эч нерсе өзгөргөн жок. Азыркы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго деле эки жолу кирдим.
Биздин атайын күбөлүгүбүз бар. Мен Россия жергесинде 9 ай иштеп келдим. Москвадан бир чачтарачка кирип, күбөлүгүмдү көрсөтсөм, сыйлап, чачымды бекер тегиздеп берди. 9 ай бекер тегиздеп беришти. Мен өзүмдү ошол жактан согуштун ардагери сезип, «бизди деле сыйлайт экен» дедим. Ал жакта тажик-афган чек арасында болгондорго эчак эле «Согуштун ардагери» деген статусту берип коюшкан экен. Максатыбыз кандай болгон күндө деле ала кушту атынан атап коюшса жакшы болмок. Мындайча айтканда унутулган батальон эле болуп калдык.
Колдоо
2022-жылы Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда куралдуу жаңжал чыгып, Баткенде чыңалуу күч алды. Ошондо биздин коом 250 миң сом акча чогултуп, Баткен облусунун Самаркандек айылынын Орто-Сай деген чөлкөмүнүн 2 жерине таза суу чыгарып беришти. Алгач биз ошол жердеги элге акчаны алып барып бөлүп берели дегенбиз. Анан бир куралдашыбыз «андан көрө суу чыгарып бергиле» деп калды. Ошол чөлкөмдүн эли азыркыга чейин биз чыгарып берген суу кудуктарынан суу ичип жатышат. Жыл сайын орто мектептерге барып, мекенди сүйүү тууралуу сабактарыбызды өтүп, келе жаткан муунду мекенчилдикке чакырабыз.