Turmush — Баткен районунун Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн алдында «Таян-Тазалык» муниципалдык ишканасы түзүлдү. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Азамат Эргешов билдирди.
Анын айтымында, жаңы ишкананын имараты буга чейин эле курулган болчу. Мекеме айыл аймактагы 13 айылдын тазалыгын тейлейт.
«Иштин натыйжалуу жүргүзүлүшү үчүн атайын техникалар алынды. Тактап айтканда 12 млн сомдук лизинг аркылуу 7 жылга жүктөөчү техника алынган. Бирок лизинг аркылуу келген техниканы жылына жеткирбей эле төлөп бүтөйүн деп калдык. Таштанды ташуучу унааны жергиликтүү жана өнүктүрүү фонду болуп, 3 млн 480 миң сомго сатып алдык. Кызмат көрсөтүүнүн тарифтери антимонополия кызматы менен макулдашылып бекитилет», - деди ал.