Turmush — Бүгүн, 31-мартта Талас шаарында «Агро Кербен 2026» форуму уюштурулду. Бул тууралуу облус жетекчилигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, форумдун алкагында Талас шаарынын борбордук аянтында Талас облусунда өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын кеңири көргөзмөсү уюштурулду. Ага Талас районунун бардык айыл аймактарынан келген дыйкандар, фермерлер жана жеке ишкерлер катышышты. Алар өздөрү өндүргөн экологиялык айыл чарба продукцияларын, сүт жана сүт азыктарын, бал, дан азыктарын, мөмө-жемиштерин ошондой эле кол өнөрчүлүк буюмдарын алып келип, шаар тургундарына түздөн-түз сунушташты.
Мындан тышкары, жарманкеде ийне жалбырактуу дарактардын жана мөмө берүүчү бак-дарактардын көчөттөрү да сатылды.