Turmush — Ош облусунун Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылында жергиликтүү тургундар оор жүк ташуучу унаалар ашыкча жүк жүктөп алганын айтып, нааразы болушту.
Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Кутманали Карыбеков Turmush басылмасына берген комментарийинде жол тосулганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.
«Жолду тосуп алды деген маалымат жалган. Ал жерде сай бар, оор жүк ташуучу унаалар андан шагыл ташучу экен. Жергиликтүү тургундар оор жүк ташыган унаалар өтө көп жүк жүктөп алганын айтып, "жолду талкалайсыңар" деп нааразы болушкан. Жолду эч ким тоскон жок», - деди ал.
Окуя болгон жерге укук коргоо органдары, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ош аймактык башкармалыгынын кызматкерлери барышкан.
Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ош аймактык башкармалыгынан билдиришкендей, эл топтолгон жерге мобилдик топ жөнөтүлгөн.
«Бизге оор жүк ташыган унаалардын ашыкча салмак менен кетип жатканы боюнча жашоочулардан кайрылуулар келип жатат. Күн сайын мобилдик топтор рейддерге чыгып, эгер мыйзам бузуу аныкталса протокол түзүлүп, айып пулдар салынууда. Бүгүн дагы Учкунга барышты. 7 оор жүк ташуучу унаада мыйзам бузуу аныкталып, Укук бузуулар кодексинин 181-беренесинин (автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин сактабоо (ашыруу) жана автомобиль жолдорунун сакталышын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башка талаптарды сактабоо) негизинде 7 айдоочуга 17 миң 500 сомдон айып пул салынды», - деп айтылат маалыматта.
Кийинчерээк Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул факты каттоого алынып, тергөөгө текшерүү иштери башталган.
Милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, автоунаалар күнүмдүк тартипте каттап жатат.
Аталган окуя Ош ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды.
Turmush басылмасы 2025-жылдын ноябрь айында Ынтымак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Суу айылында көмүр ташыган автоунаалардын айдоочуларына айып пул салынганын жазган.