Turmush — Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылындагы Полярная менен Пушкин көчөлөрүнүн кесилишине малдын кыгын төгүп жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.
«Бул кык төгүлгөн жердин ылдый жагы 1 метр чуӊкур. Ошонун баары толуп, өйдө жагы жерден бийик дөӊ болуп калды. Күн жылыган сайын көчөбүз сасып, терезени ачкан маалда жыты үйгө чейин келет. Чымын толтура. Өкмөт көчөнүн тазалыгын сактагыла деп айткан сайын мындай мыйзам бузгандар дагы деле токтобой жатат», - деди алар.
Кожомкул айыл өкмөтүнөн бул боюнча чара көрүлөрүн билдиришти.