Turmush — Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XV сессиясы өтүп, ага 22 депутат катышты.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, сессияда жалпы 9 маселе күн тартибине коюлуп, тиешелүү жетекчилер тарабынан маалыматтар берилди.
Күн тартиби:
- Кара-Көл шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставына толуктоо киргизүү жөнүндө маселе каралып, күн тартибинен алынды.
- Кара-Көл шаарынын прокурорунун сунуштамасынын негизинде мурда кабыл алынган токтомдорго өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси боюнча мыйзам талаптарына ылайык чечим кабыл алуу сунушталды.
- Жер тилкесин пайдаланууга берүү. Серый көчөсүндө жайгашкан 873,76 чарчы метр жер тилкесине административдик имарат куруу үчүн туруктуу пайдаланууга берүү маселеси каралды. Долбоор шаардык архитектура жана курулуш талаптарына ылайык сунушталды.
- Жеке менчикке жер тилкесин берүү. Ак-Таш көчөсүндөгү №124 үйдүн тургуну А.Абдыллаеванын менчигине 600 чарчы метр жер тилкесин трансформациялоо боюнча маселе каралып, депутаттар тарабынан колдоо тапкан жок.
- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Көл шаары боюнча бөлүмү 2025-жылга карата жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат берди.
- 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында шаар куруу жана архитектура тармагында аткарылган иштер боюнча маалыматтар берилди.
- Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Көл филиалынын 2025-жылдын жыйынтыгы тууралуу маалыматты каралды.
- Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун 2025-жылы аткарган иштери боюнча маалымат берилди.
- Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.
Сессиянын жүрүшүндө бардык маселелер боюнча тиешелүү сунуштар айтылып, чечимдер кабыл алынды.