Turmush — Сокулук районуна караштуу Гавриловка айыл аймагында жайыт жерге таштанды төккөн адамдардын ишин милиция териштирет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.
Ал эми Гавриловка айыл өкмөтүнөн мыйзам бузган жаранга чара көрүлөрүн билдиришти.
«Гавриловка айылында жайгашкан таштанды таштоочу жайлар тазаланган жана ал жерге бак-дарактар тигилип, камералар коюлган. Бүгүн тазаланган жерге белгисиз адамдар Гавриловка айылында таштандыларды мыйзамсыз жайыт деген жерге таштап кетишти. Видеого бул факт түшүп калды жана материал районук ички иштер органдарына берилди. Жакынкы арада мыйзамга ылайык тийиштүү чаралар көрүлөт», - деп айтылат маалыматта.