Turmush — Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылында жергиликтүү тургун Аман Шерматов эрте бышуучу помидордун жаңы сортун өстүрүп жатат.
Анын айтымында, помидордун көчөтү 5 сомдон сатылууда. Алар 2 карыш аралыкта эгилет.
«Бул сорт июнь айында бышып, курт түшпөй турганы менен өзгөчөлөнөт. Ошондой эле учурда тараган жаңы ооруларга туруктуу. Атайын Түркиядан алынып келинип, 1 даана уругун 3,5 сомдон сатып алдым. Короого кичинекей күнөскана жасап, уруктарды көчөт кылып жетиштирдим. Бир топ мээнетти талап кылат. Кеткен мээнет менен чыгымды эске алганда помидордун бир көчөтүн 5 сомдон сатып жатам.
Күнөсканада өстүрүүнү колго алып, кийинки жылы мындан да эрте эгүүнү пландап жатабыз. Бир аз жер помидор өстүрүүгө жер маселеси тартыш болуп жатат. 1 гектар жерден 50-80 тоннага чейин түшүм алууга мүмкүн. Чет өлкөгө экспорттоого да абадан ыңгайлуу. Азыркы тапта помидордун баасы килограммына 150 сомду түзөт. Бул абдан кирешелүү тармак», - деди ал.