Turmush — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Жылуу-Булак айылынын туругуну Гүлсүн Жунушова бал челек кармап, Кыргызстандын продукциясын чет элдиктерге жайылтууда. Аары чарбасын жолдошунан калган мурас катары улантып келе жатканын Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.
Гүлсүн Жунушова кесиби боюнча бычмачы. Ал жолдошу менен баш кошкондон кийин бал челек кармоонун сырларын үйрөнүп, эки өнөрдү бирдей аркалап келе жатканына токтолду.
«1958-жылы Жылуу-Булак айылында жарык дүйнөгө келгем. Бала кезден эле уз-чеберчиликке кызыгып, курак куроодон баштап, кийиз дүйнөсүнө чейин кол өнөрчүлүктү пайдаланып келе жатам. Өзүмдүн кызыгуумду ишке ашыруу максатында 1982-жылы Бишкек шаарындагы №8 кесиптик окуу жайга тапшырып, бычмачылык кесипке ээ болдум. Андан соң Каракол шаарына келип эмгектенип, мектепте бирге окуган өзүмдүн классташыма турмушка чыктым. Үй-бүлө күтүп, өмүрлүк жолдошум экөөбүз бир уул, үч кыздуу болуп, тарбиялап өстүрдүк», - деди ал.
Каарманыбыз бал челек кармоонун сырын жолдошунан үйрөнүп, айыл элине да тажрыйба бөлүшкөнүн кошумчалады.
«Өмүрлүк жолдошум мектепти аяктап, аскердик кызмат өтөп келгенден кийин эле аары чарбасына аралашып, бал челек кармоо менен алектенген. Себеби СССРдин курамындагы мезгилде атайын аары чарбасын өнүктүрүү жумуш катары кабыл алынчу. Ошол себептүү жанында кошо аралашып, жардам берип жүрүп кол өнөрчүлүккө 12 жылдай тыныгуу жасадым. Бул мезгилде Жылуу-Булак айылындагы Түп суусунун жээгинде жайгашкан токойдо электр жарыксыз, телефонсуз шам, казан асып, самоор жагып жашадык. Кийин советтик доор ыдырап, көз карандысыз өлкө макамына ээ болгон соң өз алдынча бал челек түптөп, бул кесипти улантып кеттик. Жолдошум жергиликтүүлөрдүн көпчүлүгүнө бал челек кармоонун сырын үйрөттү. Азыркы тапта Жылуу-Булак айылында 15ден ашуун үй-бүлө бал өндүрүп, киреше табат», - деди ал.
Г.Жунушова бал челек кармоо үй-бүлөлүк негизги кирешеге айланганын кошумчалады. Учурда балдын килограммы 500 сомго чейин бааланууда.
«Аары чарбасы башкалардан өзгөчөлөнгөн кесиптин бири. Аарылар өзгөчө жандык, кышы менен уктап, күн жылыганда жанданып кыймылга келишет. Убагында карап, кам көрбөсө ооруп, өлүп калышы да ыктымал. Жолдошум көзү тирүү кезде 100 челекке чейин көбөйтүп, бал өндүрчүбүз. Ал оорудан улам көз жумуп, ортодон 8 жылдай таштап койдум. Акыркы эки жылдан бери уулум менен мурас катары улантып келе жатам. Алдыда бедеге, андан Каркыра жайлоосуна чыгууну пландап жатам. Кышкысын тыныгуу учурунда кол өнөрчүлүк менен алектенсем, жайкысын жаратылыш койнунда бал челек менен жайлоого чыгып кетем. Бул биздин үй-бүлөнүн негизги кирешеси десем да жаңылбайм. Себеби табийгый продукцияны чет элдиктер баалап, жайкысын жайлоого келген меймандар алып кетишет», - деди ал.