Turmush — Бүгүн, 31-мартта Ош технологиялык университетинде «Жаштардын ишкердик жөндөмүн өнүктүрүү» аталышындагы студенттик хакатон өткөрүлдү.
Иш-чара университеттин студенттеринин инновациялык идеяларын жана стартап-долбоорлорун колдоо, алардын ишкердик жөндөмдөрүн өнүктүрүү максатында уюштурулду.
Хакатонго 9 команда катышып, экология, санариптик технологиялар, саламаттык сактоо жана социалдык маселелерди чечүүгө багытталган долбоорлорун сунушташты. Иш-чараны Илим жана инновация боюнча проректор Нурланбек Танаков ачып, катышуучуларга ийгилик каалады. Университет жалпы 1 000 000 сом өлчөмүндө байге фонду карады.
Калыстар тобунун чечими менен мыкты 5 долбоор жеңүүчү деп табылды:
- 1-орун: Эшкере — «ВЗДоступ»;
- 2-орун: Эрудит — «Eco-Buura»;
- 2-орун: Alpha — «Здоровье на ладони»;
- 2-орун: RoboLab — «Дары-дармектерди жетүүгө кыйын аймактарга жеткирүү үчүн дрон»;
- 2-орун: Зелёный вуз — «ЖОЖдогу жашыл кеңсе».
Иш-чара студенттердин чыгармачылык потенциалын ачууга, инновациялык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана стартап маданиятын калыптандырууга салым кошту.