Turmush — Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл өкмөтүндө шабдалылар гүлүн ачты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, аталган айыл аймактын жашоочулары акыркы 10 жыл аралыгында багбанчылык менен активдүү алектенип келишет. Үлүш жерлерге шабдалы, кокон гилас, алма көчөттөрү отургузулган.
Кадамжай районундагы Майдан айыл өкмөтүнөн башка Үч-Коргон, Кара-Дөбө, Абсамат Масалиев, Халмион айыл өкмөттөрүндө багбанчылык менен алектенгендер көп. Айрым дыйкандар 1 гектардан 3-4 гектарга чейин жерге бак отургузуп иш жүргүзөт.
Ушул тапта аталган айыл өкмөткө караган аймактарда шабдалы жана эрте бышкан гилас гүлдөдү. Май айынын орто чечинде кокон гилас бышса, шабдалы июнь айына барып бышат. Бул аймакта өстүрүлгөн мөмө-жемишртер жергиликтүү базарларда гана эмес Россия, Беларуссия жана Казакстанга чейин экспорттолот. Багбандар 1 жыл ичинде миллондогон киреше табышат.
Майдан айыл өкмөтүндө 2 миң гектардан ашуун сугат жер бар.
Учурда Баткен облусунда өрүктөр гүлүн толук ачты. Багбандар ушул тапта аба ырайы туруктуу жылуу болуп турушун тилеп жатышат. Анткени күндүн кескин ысып же суук болуп кетиши өрүктүн түшүмдүүлүгүнө түздөн-түз таасир берет. Илгертен «сууктан калса да ысыктан калбайт» деген кеп айтылып келет. Эгер мөндүр жаап калса же аяз болсо анда түшүмдүүлүктү азайтышы ыктымал. Кескин ысып кетсе анда өрүк гүлүн түшүрүп салат. Мында түшүмдөн кол жууп калуу ыктымалдуулугу бар. Дагы бир жума аралыгында өрүк гүлүн төгүп, мөмө байлай баштайт. Деген менен февраль айында эле климаты жылуу келген айылдарда өрүк гүлдөп, учурда гүлүн төгүп жатат.