Turmush — Нурсултан Маматаул уулу Ош шаардык мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул маалыматты Turmush басылмасына ал өзү тастыктады.
Маалым болгондой, аны дайындоо тууралуу буйрук ушул жылдын 26-март күнү чыккан.
Нурсултан Маматаул уулу буга чейин Датка айыл өкмөтүндө, Кара-Суу райондук администрациясында Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында иштеген.
Аталган ишкананы буга чейин Төлөгөн Ашимов жетектеп келген.
Нурсултан Маматаул уулу резюмеси:
| Аты-жөнү: | Маматаул уулу Нурсултан |
| Туулган жылы жана жери: | Кара-Суу району, Кызыл-Кошчу айылы. 01.10.1994-ж |
| Билими: | - 2012-2018-жыл. Ош Техналогиялык университети конструктор адистиги боюнча;
|
| Иш тажрыйбасы |
|