Turmush — Ак-Суу районуна караштуу Эңилчек аймагына бара жаткан жолдо тоо боорунан агып чыккан булак кышкысын тоңуп, музга айланат.
Боз-Учук айылынын тургуну Мирлан Бекболот уулунун айтымында, Эңилчек айылына бара жаткан жолдо Үркүн маалында кой-козудай үркүп качкан эл өткөн. Ошол учурда ушул тоо боорунда аялдарды кырып кетишкен экен. Мындан улам энелердин ыйы тоо бооруна агып, «кайнененин көз жашы төгүлгөн жер» деген аталыш калган дешет.
«Тоо боорунан агып чыккан суу да ошол окуяга байланыштуу кышкысын жар бетине тоңуп, “кайнененин көз жашы” деп аталып калыптыр. Эл арасында айтылган уламыштарга ылайык, бул жерде энелердин көз жашы төгүлүп, көп адамдар шейит кеткен. Ошондуктан айрымдар бул жерден өтүп баратып бата кылышат. Быйыл да кайнененин көз жашы кышкысын тоңуп калыптыр. Маани бербегендер болсо аны тоңгон мөңгү сымал көрүп, сүрөткө тартып кетишет», — деди ал.
Сары-Жаз суусу кооз жаратылышы менен өзүнө тартып турат. Бул аймак эс алуучулар үчүн күн чыгыш тараптагы алгачкы айылдардын бири болуп саналат.