Turmush — Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айыл аймагында жарандарга юридикалык жана социалдык багытта акысыз кызмат көрсөтүлдү. Бул тууралуу Куршаб айыл өкмөтүнөн билдиришти.
Куршаб айыл аймагында жарандар үчүн маанилүү болгон юридикалык жана социалдык кызматтарды акысыз көрсөтүү боюнча иш-чара уюштурулду. Аталган иш-чаранын негизги максаты калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана социалдык маселелер боюнча колдоо көрсөтүү болду.
Иш-чаранын алкагында тажрыйбалуу адистер жарандарга акысыз юридикалык кеңештерди берип, ар кандай документтерди туура толтуруу, мыйзамдык суроолор боюнча кеңири түшүндүрмөлөрдү сунушташты. Ошондой эле социалдык тармактагы адистер жөлөк пулдар, жардамдар жана башка социалдык маселелер боюнча маалымат берип, ар бир кайрылган жаранга жеке мамиле жасашты.
«Мындай пайдалуу иш-чаралар жарандардын көйгөйлөрүн жеринде чечүүгө көмөк көрсөтүп, калк менен мамлекеттик органдардын ортосундагы ишенимди бекемдөөгө чоң салым кошот», - деп айтылат маалыматта.