Turmush — Чүй облусунун Сокулук районунда райондун кубогуна арналган футзал боюнча мелдеш жыйынтыкталды.
Аталган мелдешке райондон жалпы 29 команда катышты. Турнирдин жүрүшүндө командалар алдыңкы орундар жана номинациялар үчүн күч сынашып келген.
Жыйынтыгында 4 команда финалга чыкты.
- 1-орун — «Арал» командасы;
- 2-орун — «Төш-Булак» командасы;
- 3-орун — «Сокулук» командасы;
- 4-орун — «Белек» командасы.