Turmush — Баткен районунун Жаңы-Жер айылынын 57 жаштагы тургуну Максуда Умарова аккардеон тартып, балдарга билим берип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, музыка жандуу үй-бүлөдө чоңойгон. Ата-энеси, бир туугандары да чыгармачыл инсандар болгон. Бирок эл алдына чыгышкан эмес. Өзү да окууну аяктагандан бери мектепте иштеп, эл астына чыгууга чыгынган эмес.
«Баткен районунун Жаңырык деген айылында төрөлүп өстүм. Ошол жерде 8-класска чейин окудум. Мектепти аяктап, Ошко барып, педучилищанын музыка бөлүмүн бүттүм. Окууга 1985-жылы тапшыргам. Аны аяктап, айылга кайра келдим.1989-жылы өзүм окуган мектепте эмгек жолумду баштагам. 1992-жылы азыркы жашап жаткан Жаңы-Жер айылына көчүп келип, Жаңы-Жер орто мектебинде иштеп баштагам. Бүгүнкү күнгө чейин ушул мектепте, айылдагы бала бакчада башталгыч мектепте балдарга музыкадан сабак берип келем«», - деди ал.
Каарманыбыз окуучу кезинде аккардеон чертүүнү үйрөнө баштаган.
«Мен 5 жашымдан баштап музыкага кызыгып баштагам. Кичинекей кезимде кичинекей гармошка бар болчу. Ошону алып эле өзүмчө ырдап, «мен Рыспай Абдыкадыровмун» деп кыялданып ырдачумун. Мени ата-энем да жакшы колдошту. 5-классымда эсимде ал кезде почтадан катологдорду жазып заказ кылып алдырчубуз. Иркутскийден бир аккардеон алдыргам. Ата-энеме да айтпай эч кимге айтпай жазып көрөйүнчү келсе келип калат деп өзүмчө эле жазып жиберип, өзүм унутуп да калыпмын. Бир убакта келди. Почточу келип «Умарова сага посылка келди, келе кал» деп чакырды. Барсам аккардеон келиптир. Ал күндөгү сүйүнгөнүмдү айтпа. Төбөм көккө жетип, асмандан издегеним жерден табылып, ушунчалык сүйүнүп, ааламга батпай калдым. Ал убакта комсомол бак деп коет элек ошол бакта классташтарым менен концерт койдук. Кечке аккардеон менен ырдайм, алар бийлешет. Ошол күн азыр ушул убакка чейин эч эсимден кетпейт. Жаз мезгили эми келип айлана жашыл болуп калган убак эле. Азырга чейин ушул мезгил келсе көз алдыма тартыла берет. Ал аккардеон апамдын үйүндө сакталуу эскирди.
Ата-энемдин таланты бар болчу. Атам ыраматылык чоордо ойногон. Чөп оруп бара жатып эле балтыркандан чоор жасап дагы эс алганча күүлөрдү ойноп калчу. Ал убакта биз жаш экенбиз күүлөргө да маани бере бербейт экенбиз. Музыкалык сабаттуулугубуз жок болгон экен.
Апам болсо ооз комузду өтө чебер ойночу. Отура калып эле анча-мынча зеериккен убактабы же эргүү келген убакта бекен ойноп калчу. Апамдын ооз комуз ойногонун уккан сайын уккум келе берчү. Соонун күүлөрдү ойночу кандай күү экенин билбейбиз да.
Бир туугандарым да баары чыгармачыл. Бири аккардеон, бири комуз, бири гитара, бири мандалинди ойнойт. Баарыбыз музыка жандуу үй-бүлө болгонбуз. Ата-энем да колдоп, музыкалык окуу жайга тапшырдым. Окууну да эң ийгиликтүү тапшырганмын. Экзаменде жакшы баа алып, агайым аябай сыймыктанган. «Мен сага ишенгем» деп ыраазы болгон. «Эми ушул жерге келсең иштейсиң» деп айткан эле. Бирок кандайдыр себептер менен айылга келип иштеп бара албай калдым.
Мугалим болгондон кийин окуучулар менен чыга албай калат экенсиң. Фестивалдарда, айылдык, шаардык маданият үйлөрүндө ырдайм. Ар кандай иш чараларга чакырышат. Убакыт тар да мектептен бошоп чыга албай, ошентип эле убакыт да өтүп кетиптир.
Өзүмө таандык 5-6 ыр обондор бар. Бирок элдин астына алып чыкканга даяр эмес. Клип тартып бериңиз эфирге чыгаралы, концерт бериңиз деп сунуштар көп түшүп жатат. Кайра-кайра ырдап чыгарып туруңуз дешет. Филармонияга келип концерт бер дешет. Россиядагылар «биз жакка келип концерт бериңиз үнүңүз жакшы, уккулуктуу экен» дешет. Обончулар концерттик программаларына чакырып жатышат. Буюрса эми элдин суроо-талаптарын аткарууга аракет кылам», - деди ал.
Максуда Умарова 1 уулдун апасы.