Turmush — Талас мамлекеттик университетинин Канат Кеңешбеков атындагы тарыхый-этнографиялык музейинин фонду дагы бир баалуу экспонат менен толукталды.
Маалым болгондой, кечээ, 30-мартта Манас районунун Сөгөт айылынан музейге бийиктиги 2 метр, туурасы 2,30 метр болгон кумура жана чоподон жасалган тамак бышыруучу идиш тапшырылды.
Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Моймол Жусупованын айтымында, тарых профилинин 3-курсунун студенттери Ратбек Аманбаев жана Жоодарбек Отуналиев изилдөө максатында аталган айылга барышкан. Студенттер айыл тургундары Канат Чыналиев жана Умарбек Молдобаев менен жолугушуп, алардын белекке берген экспонаттарын музейге алып келишип, фондго өткөрүп беришти.
«Аталган кумура ата-бабаларыбыздын турмуш-тиричилигин жана кол өнөрчүлүк маданиятын чагылдырган баалуу тарыхый мурас болуп саналат. Мындай экспонаттар улуттук баалуулуктарды сактоого жана аларды кийинки муундарга татыктуу жеткирүүгө өбөлгө түзөт», - деди Жусупова.