Turmush — Нарын облусунун аймагында 1 жума ичинде унааны мас абалда башкарган 39 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, жол тескөөчүлөр тарабынан 2026-жылдын 23-мартынан тартып 30-мартына чейин жол эрежелери бузулган 916 факты аныкталды. Ошондой эле 141 автоунаа айып короого токтотулду.
Жалпы түзүлгөн протоколдордун ичинен:
- мас абалында автоунаа башкаруу — 39 айдоочу;
- жол белгилерине баш ийбөө — 221 учур;
- токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу — 14 учур;
- коопсуздук курун тартынбай айдоо — 156 учур;
- техникалык кароодон өтпөй айдоо — 22 учур;
- эксплуатациялоого тыюу салынган техникалык мүчүлүштүктөрү бар транспорт каражатын башкаруу — 3 учур;
- автоунааларын документтери жок башкаруу — 20 учур;
- автоунаа айдоого укугу жок башкаруу — 21 учур;
- ылдамдыкты ашырып айдоо — 109 учур;
- автоунааларына кошумча жабдык орнотуп алуу — 41 учур;
- каршы тилкеге чыгып айдоо — 20 учур;
- автоунааларынын терезесин мыйзамсыз караңгылатып айдоо — 13 учур;
- өз убагында камсыздандыруу полисин албай айдагандар — 70;
- автоээнбаштык, транспорт каражатынын айдоочусунун атайылап жасаган аракети — 2 учур;
- транспорт каражатынын айдоочусу кызматкердин мыйзамдуу талабына баш ийбей айдоо — 8 учур;
- жол чырагына баш ийбей айдоо — 5 учур;
- жолдо жүрүү эрежелерин бузган — 30 жөө жүргүнчү.
Бул иш-чаралар Нарын облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан «Бахус» аталышындагы рейддик иш-чаранынын алкагында уюштурулду.