Turmush — Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси кызматына 31 жаштагы туулган Нурмухамедов Эрназар Муратбекович дайындалды.
2026-жылдын 30-март күнү ал муниципалитеттин аппаратына тааныштырылды.
Буга чейин Эрназар Нурмухамедов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы кызматын аркалап келген.