Turmush — Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги Орловка шаарындагы авариялык абалдагы көп батирлүү турак жайлардын учурдагы абалы менен таанышты.
Маалым болгондой, аталган аймакка президенттин Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Канболот Тутуев, мэр Аман Койшыбаев жана тиешелүү мекме-түзүмдөрдүн жетекчилери барды.
Орловка шаарынын Металлург кичи районундагы №8 үй жана Чкалов көчөсүндөгү №61 үй авариялык абалда деп табылган. Бул үйлөр мурда Кыргыз химия металлургия заводуна (КХМЗ) караштуу болуп, батирлер ишкананын жумушчуларына берилген. Кийинчерээк батир ээлеринин көпчүлүгү башка өлкөлөргө көчүп кетип, алардын учурдагы дареги белгисиз бойдон калган. Натыйжада батирлер кароосуз калып, жашоого жараксыз абалга келген.
Жергиликтүү активисттердин айтымында, бул авариялык абалдагы имараттар жыл сайын жергиликтүү тургундарга кооптуу абал жаратып келет. Ошондой эле алар Чүй облусуна келген ар бир губернатор [ыйгарым укуктуу өкүл] ушул жерди көрүп, тиешелүү буйруктарды берип, көмөк көрсөтүшөрүн айтып, бирок эч жыйынтык чыкпай келгенин кошумчалашты.
Орловка шаарынын мурунку мэри Бакыт Чанчаров аталган имарттарды эмне себептен буза албай келишерин айтып берди.
«Менин убаагымда деле облус жетекчилери келген, кишилерин да жөнөткөн. Канат Сагынович [Канат Жумагазиев, 2023-жылдын 7-мартынан 2025-жылдын 1-екабрына чейин президенттин Чүйдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү болгон] да келген. Ага чейин эле 2020-жылдары демонтаж боюнча долбоор даярдаганбыз. Анда долбоордун баасы 14 млн сом болгон. Азыркы күнү болсо демонтаж кылуу андан кымбатка турса керек.
Экинчиден, долбоор даярдоо бул бери жагы эле. Ал эми ушундай имараттарды буза турган атайын техникалары бар. Муну да издеп табыш керек. Ал тургай курулуш компанияларды чакырып, плиталарды бекер алып кеткиле деп да айттык. Бекер да келбей коюшту. Аларга деле аны алып кетиш үчүн атайын ошондой техника керек. Аны таап келип, алып кетиш кымбатка турат. Жөнөкөй эле кран менен демонтаж кылган болбойт. Ал үчүн үстүнө адамдар чыгып иштеш керек. Бул кооптуу. Анан да жардыруу варианты бар. Анда элди эвуакациялаш керек. Эгер жардыруунун эпкини турак үйлөргө тийип, короо-жайын талкаласа, аларга компенсация төлөш керек болот. Ошон үчүн биздин иш долбоор даярдап, анан тегерегин курчоо менен гана чектелип калганбыз.
Убагында бизде бюджет тартыш болчу. Өзүбүздүн күчүбүз жетчү эмес. Облустук, райондук өнүктүрүү фонддоруна, ошол кездеги акимдерге кайрылып, кат жазгам. Бирок жыйынтык болгон жок. Колубуздан келгенин баарын жасаганбыз. Сейсмологияга да жазып, сүйлөштүм. Алардын ишине да каражат керек болгон. Бул авариялык үйдө катталган кишилер да болгон. Алардын маселесин чечиш керек болчубуз. Ушундай маселелерден улам токтоп калганбыз. Анан айланасын экиден тикенектүү зым менен тартып, курчап, бала-бакыра кире албагандай кылып тосуп салганбыз», - деди ал.
Чкалов көчөсүндөгү №61 үй
Металлург кичи районундагы №8 үй