Turmush — Бүгүн, 30-мартта президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында айыл чарбасын каттоо жана жазгы талаа иштери талкууланды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Жыйынга өкүлчүлүктүн жетекчилиги, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары — акимдердин биринчи орун басарлары, ошондой эле тиешелүү тармактык долбоорлордун жетекчилери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө облус аймагында жүргүзүлүп жаткан айыл чарбасын каттоо иштеринин жүрүшү, жазгы талаа иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү, ошондой эле аймактарды атайын техникалар менен камсыз кылуу маселелери каралды.
Облус жетекчилиги тиешелүү кызматкерлерге айыл чарба иштерин ыкчам жүргүзүү, каттоо иштерин тездетүү жана техникалык камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Жыйындын жыйынтыгында белгиленген тапшырмалардын аткарылышын күчөтүү зарылдыгы белгиленди.