Turmush — Сузак районунун Багыш айыл аймагынын башчысы Нурсултан Түгөйбеков кызматтан кетти.
Маалым болгондой, 34 жаштагы айыл өкмөт башчы өз каалоосу менен кызматын тапшырганы белгилүү болду. Ал 2024-жылдын 5-мартында (АТР) аймактык териториалдык реформанын алкагында Багыш айыл аймагын башкарган. Ага чейин ал Сузактын Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын аркалаган.
Багыш айыл аймагында 31 миң 884 киши жашайт.