Turmush — Каракол шаарында калкка жылуулук берүү эртең, 31-мартта токтотулат. Бул тууралуу Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы кабарлады.
Маалыматка караганда, аба ырайы жылыгандыгына байланыштуу Каракол шаардык мэриясынын тескемеси менен от жагуу мезгили жыйыктыкталды. Быйылкы 2025-2026-жылдагы от жагуу мезгилине шаарга жылуулук берүүгө алдын ала эсептөө менен 15 миң тонна көмүр жумшалды. Жылуулук берүү 2025-жылы 3-ноябрда башталган.
Шаарда 24 от казан бар. Алар калкка жана 80 ашык мекемеге (бала бакча мектеп, социалдык объектилер ж.б.) жылуулук берет.