Turmush — Азамат Мырзагулов Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Маалыматка караганда, тишелеүү тескемеге Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Алтынбек Сеңирбаев 2026-жылдын 26-мартында кол койгон.
Жаңы айыл өкмөт башчыны жамаатка район акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Топчубек Эшбаев тааныштырды.
- Терек-Сай айыл аймагындагы калктын саны 12 миң адамдан ашат. Жылдык бюджети 193 миллион сомго жетет.
Мырзагулов Азамат Мамырович 1986-жылы Терек-Сай айылында төрөлгөн.
2004-2009-жылдары Ош мамлекеттик университетинин тарых-юридикалык факультетинде билим алып, бажы иши адистиги боюнча окуусун аяктаган.
Эмгек жолу:
- 2010-жылы — Ош шаарында БУУнун программасынын алкагында «WEP» долбоору, эл аралык «ACTED» уюму.
- 2011-жылы — эл аралык «ACTED» уюмунда юрист-консультант;
- 2012–2018-жылдары — «САГАМО» ЖЧКда директор;
- 2021-жылы Терек-Сай айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.