Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынан чыккан сүрөтчү Алмаз Кожогулов — өмүрүн өнөргө арнаган таланттуу инсан. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде эмгектери жана өнөрүнө байланышкан тынсыздануусу тууралуу айтып берди.
Алмаз Кожогулов 40 жылдан ашык убакыт Ак-Талаада жашап, кийин турмуш шарттарына байланыштуу Бишкек шаарына көчүп келген. Бүгүнкү күндө ал ар кандай көргөзмөлөргө жана маданий иш-чараларга активдүү катышып келет.
Алмаз мырза кесиби боюнча сүрөтчү болуп, Гапар Айтиев атындагы Чуйков атындагы кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын аяктаган. Өнөргө болгон кызыгуусу бала кезинен башталган. Анын бул жолду тандашына бир тууган эжеси — белгилүү сүрөтчү Гулипа Кожогулова чоң таасир эткен. Ал эжесинин жанында жүрүп, сүрөт өнөрүнүн сырларын үйрөнүп, чыгармачылыкка шыктанган.
Алгач боёк менен иштеп баштаган Алмаз мырза кийин жип менен сүрөт тартуу ыкмасын өздөштүрүп, өзүнүн өзгөчө стилин тапкан. Учурда ал жаңы техникаларды изилдеп, чыгармачылыгында жаңыланууга умтулуп келет. Анын айтымында, сүрөтчү үчүн дайыма изденүүдө болуу — негизги талап.
«Жаңы нерсе жаратуу — бул тынымсыз эмгек. Күн-түн дебей иштөө керек», - дейт ал.
68 жаштагы сүрөтчү үй-бүлөлүү, бир уул, эки кыздын атасы, неберелердин чоң атасы. Анын эмгектери кеңири таанылып, ар кандай белгилүү инсандардын портреттерин жараткан. Алардын арасында Владимир Путин, Алла Пугачёва, Филипп Киркоров сыяктуу белгилүү инсандар да бар. Айрыкча Владимир Путиндин портрети 5000 долларга бааланып, Москва шаарындагы ресторан ээсинин буйрутмасы менен сатылып кеткен.
Сүрөтчү бүгүнкү күндө заманбап технологиялардын, өзгөчө жасалма интеллекттин өнүгүшүнө тынчсыздануу менен карайт. Анын пикиринде, келечекте кол менен жасалган эмгектердин орду кыскарып, сүрөтчүлөр менен кол өнөрчүлөр үчүн кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн.
«Азыр жасалма интелект өтө коркунучтуу нерсе. Бара-бара сүрөтчүлөрдүн колу менен жасаган эмгеги болбой калабы деп корком. Кол менен жасаган нерселер жоголуп кетеби деген коркунучта турабыз. Кол өнөрчүлөр дагы коркунучта. Өзүм дагы жумуш жок калабы деп корком.
Союз тараганда мекеме-ишканалардын көрнөк-жарнактарын бүт колго жасачубуз. Компьютер чыкканда көп нерсе өзгөргөн. Мурда бардык көрнөк-жарнактар кол менен жасалчу. Азыр болсо технологиялар басып кетти. Ошого карабай, биз изденип, иштеп жатабыз«», - дейт сүрөтчү.
Turmush басылмасынын кабарчысы 2015-жылдын декабрь айында да Алмаз Кожогулов менен маектешкен. Анда сүрөтчү Советтер союзу учурунда 15 өлкөдөн келген сүрөтчүлөрдүн «Политические плакаты» аттуу кароо-сынагында 3-орунду камсыздаганын айтып берген болчу.
Ал сыймыктанган эмгектеринин бири — мечиттин сүрөтү. Ал сүрөт ошол учурда Бишкек шаарындагы борбордук мечитте илинип турганын айткан. Кезинде муфтият өкүлдөрү аталган сүрөттү 30 миң сомго сатып алган.
Ошондой эле россиянын президенти В.Путиндин сүрөтүн тартып бүтүп, Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун атасы Ахмат Кадыровдун сүрөтүн тартып жатканын билдирген. Мындан сырткары, А.Акаев баш болгон бир катар коомдук-саясий ишмерлердин сүрөттөрүн тарткан.