Turmush — Ош шаардык соту башкаларды видеого тартып, шантаж кылып коркуткан жигиттердин ишин карап чыкты. Turmush басылмасы иштин чоо-жайын баяндайт.
Айыпталуучу Бекербай (аты өзгөртүлдү Ч.Б.) Кыргыз Республикасынын жараны. Бойдок, эч жерде иштебейт. Мурда соттолгон. 2026-жылдын 14-февралынан бери камакта.
Собиржон (аты өзгөртүлдү С.М.Р.) Кыргыз Республикасынын жараны. Үй-бүлөлүү, эч жерде иштебейт. Мурда соттолгон эмес. 2026-жылдын 14-февралынан тарта камакта.
- Иштин материалдары Мамлекеттик сот актыларынын реестрине жарыяланды.
Бекербай өзүнүн кылмыштуу шериги Собиржон менен алдын ала сүйлөшүп, 2026-жылдын 10-февралында саат 03:00 чамасында Оштогу көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө жайгашкан унаа токтотуучу жайга барышкан. Ал жерде «Тойота Прадо» үлгүсүндөгү унаасында жаңы таанышкан кыз менен отурган Бакирди (аты өзгөртүлдү А.Б.К.) видео тартышкан. Бекербай ага өзүн блогермин деп, «жаман иштерди кылып отурдуңар» деген сөздөрдү айтып, «Эркекче бүтүрүп кой. 2026-жылдын 10-февралында 17:00гө 100 миң сом акчаны коюп кой, болбосо видеону интернетке чыгарып салам» деп шантаж кылып коркутуп кетишкен.
2026-жылдын 10-февралында саат 17:00 чамасында Бакирдин Ош шаарында иштеген жерине келип, акча берүүнү талап кылышып, ошол эле күнү андан мобилдик банктык тиркемеге 50 миң сом акчасын котортуп алышкан. Калган акчаны 12-февралына саат 18:00гө чейин таап берүү талабын коюшкан. Алар13-февралында алдын ала даярдалган 500 долларды алып жатышкан жеринен кармалышкан. Жабырлануучу Бакирге 93 миң 725 сомдук олуттуу өлчөмдө зыян келтирилген.
Бекербай менен Собиржонго Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган опузалап талап кылуу ) менен айып тагылган.
Соттук отурумда айыпталуучулардын жактоочусу өтүнүч келтирип, айыпталуучулар Собиржон менен Бекербай жабырлануучу Бакир жарашууга жетишкендиктен, жарашуу келишимин түзүшкөндүгүн, келтирилген материалдык зыян толук төлөнүп берилгенин көрсөтүп, тараптардын жарашууга жетишкендиктерине байланыштуу кылмыш ишти кыскартып берүүнү суранды.
Сотто айыпталуучулар да жабырлануучу менен өз ара келишип, аны менен жарашуу макулдашуусун түзүшкөндүгүн көрсөтүп, кылмыш ишин кыскартып, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуп берүүнү суранышты.
Соттук отурумда жабырлануучу Бакир өзү да айыпталуучуларды кечиргенин, алар менен жарашканын айтып, аларды айыптоодон баш тартарын көрсөтүп, кылмыш ишин кыскартып, аларды кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотууну өтүндү.
Соттук отурумда прокурор дагы айыпталуучулар менен жабырлануучу элдешип жарашууга жетишкендиктен, аларды кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуп, кылмыш ишин кыскартууга каршы эместигин көрсөттү.
Ош шаардык сотунун өкүмү:
Ош шаардык соту 2026-жылдын 24-мартында иштин материалдарын карап чыгып, тараптардын жарашуусуна байланыштуу кылмыш ишти өндүрүштөн кыскартты. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 57-беренесинин 1-бөлүгүнүн (жабырлануучу менен бүтүмгө жетишкенде кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу) негизинде жоопкерчиликтен бошотулду.