Turmush — Бишкек шаарында өтүп жаткан Кыргызстандын универсиадасында стол теннис боюнча балдар арасында жогорку лига мелдешинде Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин курама командасы 1-орунду багындырды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка караганда, мелдеш жогорку атаандаштыкта өтүп, спортчулар өздөрүнүн мыкты чеберчилигин көрсөттү.
«Жогорку лигада мындай көрсөткүч университеттин тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Мыкты оюн көрсөткөн командага, бизди колдогон жетекчиликке жана университеттин жалпы жамаатына терең ыраазычылык билдирем», - деди машыктыруучу А.Назаров.
Окуу жай бул жеңиштин жаралышына салым кошкон машыктыруучуну — КӨЭАУнун дене тарбия жана спорт кафедрасынын окутуучусу, спорттун мыктысы Абдулазиз Назаровду, студенттерди — Дилмухаммед Жолболдуев, Жумабек Кушбаев жана Рустамбек Райимжановду куттуктады.