Turmush — Баткен районунун Зардалы айылында кичи футбол аянтчанын курулушу башталды. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.
Маалыматка караганда, аянтча президент Садыр Жапаровдун фондунун эсебинен, Баткен шаарына салынып жаткан 4, Баткен районуна салынып жаткан 6 кичи футбол аянтчаларынын катарында курулуп жатат.
Зардалы айылы Баткен районунун борборунан 110 чакырым алыстыкта тоо арасында жайгашкан. 2024-жылга чейин айыл эли электр жарыгысыз, байланышсыз жашап келген.
Зардалы айылын район менен байланыштырган татаал жол бар. Жолдун бир бөлүгү бийик ашуулар аркылуу өткөндүктөн кышында кар көп жаап октябрь айынан май айына чейин жабылып калчу. Тургундар тоо боору менен 6,2 чакырым Кожешкен дарыясын бойлоп ат менен жана жөө басчу.
Учурда айылга электр жарыгы жетти. Минималдуу кубаттуулугу 303 КВ болгон автономдуу күн панелдерин орнотуу иш аракеттери аяктап, турак үй, социалдык объекттер электр энергиясы жана интернет менен камсыз болду.
Сары-Талаа—Кызыл-Таш—Зардалы жолу пайдаланууга берилди. Жалпы узундугу 18 км болгон Сары-Талаа—Кызыл-Таш—Зардалы жолунун курулушуна 888,9 млн сом каралган. Жаңыдан курулган жолдун долбоору боюнча эски жол 26 чакырымга кыскарды. Кожешкен дарыясы аркылуу узундугу 30 метр болгон темир көпүрө курулуп, унаа каттамы камсыздалды.