Turmush — Ош облусунун Алай районунун Гүлчө шаарында борбордук базарды шаардын сыртына көчүрүү жана анын ордуна заманбап үч кабаттуу соода борборун куруу пландалып жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына шаар мэри Нурсултан Тажибаев билдирди.
Анын айтымында, учурда базар жайгашкан аймак жеке менчикте болгондуктан жергиликтүү бюджетке олуттуу киреше алып келбейт.
«Базардан түшкөн киреше аз, бирок түйшүгү көп. Тазалык, мыйзамсыз соода сыяктуу маселелердин баары муниципалитетке жүктөлүп, сөз уккан да өзүбүз болуп жатабыз. Ошондуктан базарды толугу менен өзүбүз салып, жоопкерчиликтин баарын өзүбүз алалы дедик.
Базарды көчүрүү боюнча жер маселеси чечилүү алдында турат. Эгер маселе чечилсе, долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында ишке ашырылат. Мындан сырткары, инвесторлорубуз бар. Алар тарабынан соода түйүндөрүн куруу сунуштары түшүп жатат. Базардын ордуна үч кабаттуу соода борбор курууну сунуштап жатабыз», - деди ал.
Калаа башчысы соода борборунун долбоору тууралуу айтып берди.
«Долбоорго ылайык, анын биринчи кабатында ири соода тармактары, экинчи кабатында соода түйүндөр, эми үчүнчү кабатында балдар үчүн оюн-зоок аянтчалары жайгашат. Ошондой эле базар көчүрүлсө, анын мурунку жерине ушул сыяктуу эле соода борбор салуу сунушун ээси менен сүйлөшөбүз», - деди Нурсултан Тажибаев.
- Гүлчө шаарынын калкы 23 миң 601 адамга жетти. Шаардын жалпы аянты 35 гектарды түзүп, Гүлчө өлкөдөгү 34-шаар болуп расмий макам алган. Шаар статусу 2025-жылдын 25-сентябрында берилген.