Turmush — Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра—Турук—Сары-Жаз унаа жолунун 16-30-чакырымга чейинки аралыгы кар көчкүдөн тазаланып жатат.
Учурда бир жумушчу топ тартылып, оор техниканын жардамы менен тазалоо иштери уланууда.
Түп райондук №4 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Рысбек Исмаилов Turmush басылмасына берген комментарийинде быйыл кар калың жааганын билдирди.
«Быйыл башка жылга салыштырмалуу кар калың жаады. Мындан улам жаз мезгилинде малчылардын алыскы жайыттарга көчүп-конушуна шарт түзүү максатында көчкүлөрдү тазалоону бир ай эрте баштадык.
Мындай шартта 28-марттан баштап Каркыра—Турук—Сары-Жаз өрөөнүнө каттачу 16-30 жол тилкесине чейинки аралыкта бийиктиги 4 метрге жеткен кар көчкүлөр тазаланууда», - деди Исмаилов.