Turmush — Ош облусунун Алай районунун бардык аймактарында чөөлөрдү атуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош облусундагы башкармалыгынын Алай району боюнча аңчы адиси Алимбек Айдаров билдирди.
Анын айтымында, Памир-Алай айыл аймагында чөөлөр бээлерге кол салууда.
«Чөөлөр бээлерди жеп кетип жатат. Мындан улам жергиликтүү мергендер күн сайын чөөлөрдү атууга чыгып жатат. Сары-Таш менен Арча-Булактан эки чөөнү атып алышты. Ал эми Жошолу айылынан 3 чөө жок кылынды», - деди ал.
---------------------------------------------------------
Өкмөттүн 2016-жылдын 26-февралындагы №89 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жана аларды олжолоо үчүн сыйлыктарды төлөп берүү боюнча иш-чараларды уюштуруу жөнүндө» жобого ылайык, жырткыч жаныбарларды атуу үчүн мамлекет тарабынан акчалай сыйлыктар каралган:
- карышкырдын бир башына — 6 миң сом;
- бир баш бѳлтүрүккѳ — 1500 сом;
- бир баш чөөгө — 2000 сом.
Бул акчалардын 20 пайызы Социалдык фондго, дагы 20 пайызы салык үчүн кармалат.