Turmush — Ысык-Көл облусунда кадрдык өзгөрүүлөрдүн алкагында дайындалган жаңы жетекчилер облус активине расмий тааныштырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Кутманалы Абдырахман уулу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды.
Иманалиева Айдана Керимбековна президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.
Жаңы орун басарларды облус активине президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов тааныштырып, Министрлер кабинетинин төрөгасы Адылбек Касымалиевдин тескемеси менен тааныштырды.
Ал өз сөзүндө жетекчилик курамды бекемдөө, аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана эл менен тыгыз иш алып баруу негизги багыттардан болорун белгиледи.
Арпачиев Данияр Карагулович президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул кызматта ал 2024-жылдын февраль айынан бери иштеп келген.

Султанбаева Айнура Жолдошбековна президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары кызматынан бошотулду. Ал бул кызматка 2022-жылдын 22-майында дайындалган болчу.

--------------------------------------------------------------
Кутманалы Абдырахман уулунун резюмеси:
Билими:
Ош мамлекеттик университетинин физика-математика факультети, физика адистиги боюнча (1996-ж).
Техника илимдеринин кандидаты, адистиги 05.14.08 — Жаңылануучу энергия булактарына негизделген энергетикалык түзүмдөр, энергетика адистиги боюнча доцент, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академик кеңешчиси.
Эмгек жолу:
- 2026-жылдын 22-январынан — «Ысык-Көл» Бирдиктүү башкаруу компаниясы» мамлекеттик ишканасынын директору.
- 2024-жылдын 2-декабрынан 2026-жылдын 22-январына чейин — Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жаңылануучу энергия булактары боюнча лаборатория башчысы.
- 2018-жылдын 13-апрелинен 2024-жылдын ноябрына чейин — Ош шаардык мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын директору;
- 2017-жылдын 27-январынан 2018-жылдын 13-апрелине чейин — Ош шаардык мэриясынын алдындагы Жеке турак жай курулушу, жер пайдалануу жана турак жай маселелери боюнча департаментинин директору;
- 2014-жылдын 2-апрелинен 2016-жылдын 15-августуна чейин — Ош шаарынын вице-мэри, Ош шаардык мэриясынын алдында коммуналдык чарба жана транспорт маселелери боюнча жооптуу;
- 2000-жылдын 1-сентябрынан 2014-жылдын 2-апрелине чейин — Кыргыз-Өзбек университетинин Жаңылануучу жана жылуулук энергетикасы кафедрасынын улук окутуучусу, кафедра башчысы, инженердик-технологиялык факультетинин деканы;
- 1994-жылдын 1-сентябрынан 2000-жылдын 1-сентябрына чейин — Ош технологиялык университетинин Физика кафедрасынын лаборанты, окутуучусу.
Кошумча маалымат:
- 2018-жыл — Ош шаардык мэриясынын алдында муниципалдык ипотекалык ишкананы түзүүнүн демилгечиси. Мындай уюмду түзүү зарылчылыгы КРдеги жалгыз жергиликтүү жеңилдетилген ипотекалык насыялоо программасын ишке ашыруудагы, анын ичинде мыйзам чөйрөсүндөгү кыйынчылыктарга байланыштуу жаралган.
- 2014–2016-жылдары — Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы каржылаган долбоорду тартуунун жана ишке ашыруунун демилгечилеринин жана авторлорунун бири («Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу (Ош шаарында европалык стандарттарга ылайык жаңы санитардык полигон куруу)», «Ош шаарынын коомдук транспортун жакшыртуу» (Ош шаарындагы коомдук транспортто электрондук билет системасын орнотуу).
- 2000–2014-жылдары — «КӨУнун мыкты жаш окумуштуусу 2003», КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик патенттик агенттиги тарабынан өткөрүлгөн «Мыкты жаш ойлоп табуучу 2005» сынагынын жеңүүчүсү, 20дөн ашык илимий эмгектин, 6 патенттин, 10дон ашык окуу-методикалык колдонмонун автору.
Коомдук ишмердүүлүгү:
2024-жылдын декабрынан тарта — Ош шаардык кеңешинин VI чакырылышынын депутаты.
-------------------------------------------------------------------
Айдана Иманалиеванын резюмеси:
Ал 1989-жылдын 27-январында туулган.
Билими:
- 2012-жылы — Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы (юрист).
Класстык чини:
3-класстагы мамлекеттик жарандык кызматтын кеңешчиси, 3-класстагы мамлекеттик жарандык кызматтын инспектору
Эмгек жолу:
- 2012-жылдын 1-сентябрынан 2013-жылдын 23-октябрына чейин — адвокаттын жардамчысы;
- 2013-жылдын 25-октябрынан 2017-жылдын 10-апрелине чейин — КР Президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармалыгынын алдындагы «Автотранспорттук бирикмеси» мамлекеттик ишканасы, юрист-консультант;
- 2017-жылдын 11-апрелинен 2019-жылдын 17-январына чейин — КР Президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармалыгы, Борбордук аппарат, КР Президентинин аппаратынын ишин камсыздоо тобу, адис;
- 2019-жылдын 17-январынан 2019-жылдын 26-февралына чейин — КР Президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармалыгы, КР Президентинин аппаратынын ишин камсыздоо тобу, башкы адис;
- 2019-жылдын 26-февралынан 2020-жылдын 12-октябрына чейин — КР Президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармалыгы, Борбордук аппарат, КР Президентинин аппаратынын ишин камсыздоо тобу, башкы адис;
- 2020-жылдын 12-октябрынан 2021-жылдын 21-майына чейин — КР Президентинин аппараты, жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү башкармалыгынын мониторинг жана анализдоо бөлүмү, эксперт;
- 2021-жылдын 21-майынан 2021-жылдын 27-октябрына чейин — КР Президентинин администрациясы, Борбордук аппарат, жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү, ишмердүүлүктү анализдөө бөлүмү, эксперт;
- 2021-жылдын 27-октябрынан 2023-жылдын 28-декабрына чейин — КР Президентинин администрациясы, Борбордук аппарат, президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо бөлүмү, инспектор;
- 2023-жылдын 28-декабрынан 2024-жылдын 28-майына чейин — КР Президентинин администрациясы, Борбордук аппарат, контролдоо бөлүмү, инспектор;
- 2024-жылдын 1-ноябрынан 2025-жылдын 1-июлуна чейин — Панфилов райондук мамлекеттик администрациясы, борбордук аппарат, башчынын орун басары;
- 2025-жылдын 2-июлунан жаңы кызматка дайындалганга чейин — КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Борбордук аппарат, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары.